Радикалдашуу маселесин коомдук медиа аркылуу кантип чечүү мүмкүн?

«Контр-нарратив» деген эмне жана  аны кантип зордук-зомбулук экстремизмине каршы күрөшүүдө колдонуу керек? Адаттагы ыкмаларды түп-тамырынан өзгөртүүгө убакыт келди. Экстремисттердин идеологиясын кыйратуу үчүн, SFCG ар түрдүү мобилдик тиркемелерди, интернет платформаларды, коомдук тармактар жана башка медиа-инструменттерди колдонуу менен, жаңы жана натыйжалуу моделин иштеп чыгууда.

«Кантип» деген суроо жаралып жатабы?

Бул абдан жөнөкөй. Маселени чечүү үчүн, биринчи ирээтте биз ага карата көз-карашыбызды өзгөртүшүбүз керек. Дүйнө жүзүндөгү террористтик чабуулдар, кылмыш жана зордук-зомбулуктарга байланыштуу ар кандай маалыматтарды  көрүүнүн ордуна, коомдук көз –карашты чагылдырган жана элдин жеке тажрыйбасынын негизинде курулган дурус окуяларды көрсөтүп, сабырдуулукка, ачык-айкындуулукка, адамгерчиликке жана башка жалпы адамзаттык баалуулуктарга багыттоо зарыл.  Экстремисттик пропаганданын таасирин азайта турган альтернативаны түзүү үчүн коомчулуктун назарын «биз кимге каршыбыз» эмес, «биз кимбиз» жана «эмне үчүн жашашыбыз керек» деген багытка буруу керек.

«Коомдук медиа аркылуу Кыргызстанды дерадикалдаштыруу: Борбордук Азия үчүн модель» аттуу долбоорунун  демилгеси менен SFCG бул контр-нарративдерди түзүүгө бир катар иш- чараларды ишке ашырууну пландаштырууда:

  • Өлкөнүн ар тарабынан келген жаштар (*Кара-Балта, Ноокат, Өзгөн, Араван, Базар-Коргон, Жети-Өгүз, Кара-Суу, Сузак) жергиликтүү калк арасындагы кызуу жана маданий тажрыйбаларды жана учурдагы арызданууларды коомдук онлайн-платформасы аркылуу иштиктүү баяндоо максатында изилдөөгө тартылышат. Бул платформа мүмкүнчүлүктөрдүн жаңы мейкиндиктерин сезүүгө, зордук-зомбуулуксуз туз жашоого ээ болууга, жана ошондой эле өзүн-өзү реалдаштырууга атайын шарттарды түзүү аркылуу жаш муунга жардам берет.
    8 аймактан келген 50 жаштардын катышуусу менен плюрализмге, позитивдуу көз караштарга, мүмкүнчүлүктүктөргө, баалуулуктарга жана алардын чоогу биргеликте жашоосуна көмөк көрсөтүу учун семинарларды уюштуруу;
  • Жаштардын муктаждыктарын, артыкчылыктарын жана умтулууларын аныктоо максатында жергиликтүү жаштар арасында изилдөө жүргүзүү;
  • Алдыңкы маалымат каражаттарынын жана маркетинг өнөктөштөрдүн катышуусунда коомдук медиакампанияларды (мультимедиа, телеберүүлөр, медиа-роликтер, ж.б.) өткөрүү;
  • Абалга жана мүмкүн болгон тобокелдиктерге баа берип анализдөө, ошондой эле Борбордук Азия үчүн узак мөөнөттүү долбоорго сунуштарды иштеп чыгуу максатында Кеңеш жумушчу тобунун жыйындарын уйуштуруу;
  • Аткарылган ишти чагылдыруу максатында жалпы коомчулуктун катышуусунда жыйынтыктоочу чогулуш өткөрүү.

Өлкөдөгү зордук-зомбулук экстремизмине каршы күрөшүү боюнча кызматташууну жогорку денгээлде камсыз кылуу максатында 2013-жылы калыптанган Кенеш жумушчу тобу долбоорго жигердүү тартылат. Жумушчу топ өлкөнүн укук коргоо органдарынын, жарандык коомдун (анын ичинде диний уюмдар), жаштардын жана ар түрдүү маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнөн түзүлөт.

Ишке ашыруу мөөнөтү: 12 ай (Октябрь 2016-2017жж.).