Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Исаковна Отунбаева “Жалпы кызыкчылыктар” сыйлыгына көрсөтүлдү

 Роза Отунбаева 2010-жылы апрель окуясынан кийин Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүн жетектеди. Ар кандай саясий күчтөрдүн жана жааттардын кысымына карабастан, ал Кыргызстандын жаңы Баш мыйзамын кабыл алуу боюнча жоопкерчиликти өз мойнуна алды. Бул чечим өлкөнүн президенттик башкаруудан парламенттик демократияга өтүүсүнө өбөлгө түздү. Роза Исаковнанын кара кылды как жарган калыстыгы жана бейтарап турумду бекем кармай алгандыгы өлкөдөгү кырдаалдын ырааттуу түрдө тынчтык нукка салынышына мүмкүндүк берди. Борбордук Азиянын эгемен тарыхында биринчи аял лидер болгон Роза Исаковна Отунбаева бул чөлкөмдө бийликти кийинки президентке тынчтык жолу менен шайлоо аркылуу өткөрүп берди!

«Жалпы кызыкчылыктарды издөө» эл аралык бейөкмөт уюму Кыргызстан элинин тынчтыгын жан дили менен жактагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын экс-президенти Улуу Даражалуу Роза Исаковна Отунбаеваны “Жалпы кызыкчылыктар” сыйлыгына көрсөтүп жаткандыгы менен сыймыктанат. Роза Исаковна бүгүнкү күндө да «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонддун жетекчиси катары Кыргызстандагы көп түрдүүлүккө, маданият жана билим берүүгө колдоо көрсөтүү менен өлкөдөгү тынчтыкты бекемдөөгө өз салымын кошуп келет.

https://www.sfcg.org/cga18-newyork/